Чет элдик инвестициялардын Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасири

Акыркы жылдары Кыргызстанга тартылган чет элдик инвестициялар жаңы ишканаларды ачууга, жумуш орундарын түзүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түздү. Учурда өлкөнүн ар кайсы аймактарында чет элдик капиталдын катышуусундагы ишканалар иштеп, экономиканы өнүктүрүүгө, жергиликтүү өндүрүштү кеңейтүүгө жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө салым кошууда.

Мурда колдонулбаган жер участоктору азыр өндүрүштүк аянтчаларга айланып, экономикалык ишмердүүлүккө тартылууда. Чет элдик инвестициялардын эсебинен курулган ишканалар жерди жөн эле пайдаланбастан, өндүрүш түзүп, жумуш орундарын ачып, региондордун өнүгүшүнө өз салымын кошууда.

Баткен облусундагы инвестициялардын натыйжалары

Чет элдик инвестициялардын региондорго тийгизген таасирин Баткен облусунун мисалында көрүүгө болот. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, учурда бул аймакта чет элдик инвесторлордун катышуусундагы 10 ишкана толук кандуу өндүрүштүк жана чарбалык ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Мындан тышкары, дагы 5 инвестициялык долбоор боюнча долбоорлоо иштери жүрүп жатат.

Алардын экономикалык салымы салыктык төгүмдөрдө да чагылдырылат.

Салыктык төгүмдөр

40 119 367.72025-жылдагы салык (сом)