Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, мушташ тууралуу билдирүү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө 22-июль күнү келип түшкөн. Окуя түн ичинде, болжол менен саат 02:20 чамасында Дон-Булак айылындагы Пивзаводдун жанындагы кафеде болгон.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, мас абалындагы эки кардар эсеп үчүн төлөөдөн баш тартып, чыр чыгарышкан. Жаңжал учурунда алар А.К. аттуу 42 жаштагы администратор аялды сабашкан.
Социалдык тармактарда жарыяланган видеодо эркектердин аялды уруп, чачынан сүйрөп жатканы көрүнүп турат.
Жабырлануучунун кызы социалдык тармактарда билдиргендей, аялды сабагандын натыйжасында анын эки колу тең сынган жана учурда оор абалда ооруканада жатат.





