Майлуу-Суу шаарынын жалпы билим берүү инновациялык мектебинде Жогорку билим берүү министрлиги карамагында ири оңдоо иштер жүргүзүлүүдө. Учурда STEM-кабинеттерде химия, физика, биология, математика, география жана информатика предметтери боюнча жабдуулар жаңыланып жатат.

Ошондой эле, мектептин чатырын алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Жаңы терезелердин конструкциялары жеткирилген жана жакынкы күндөрү орнотуунун иштери башталат.

Оңдоп-түзөө бүткөндөн кийин мектеп заманбап эмерек, видеокөзөмөл системасы жана лабораториялык, маалыматтык-коммуникациялык жабдуулар менен жабдылат.

Кыргызстанда жалпы 53 инновациялык мектеп бар жана алар билим сапатын жогорулатууга, жаңы окутуу методдорун жана технологияларды киргизүүгө багытталган.

Инновациялык мектептерде STEM-окутууга өзгөчө көңүл бурулуп, окуучулардын изилдөө жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө шарт түзүлөт.