Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, быйылкы жылдын башынан бери 10 785 кыргызстандык жаран лицензияланган жеке эмгек агенттиктери аркылуу чет өлкөлөрдө расмий иш менен камсыз болду.

Алардын ичинен 5 484ү аялдар жана эмгек табуу мүмкүнчүлүктөрү 27 мамлекетке таралган. Учурда өлкөдө жалпысы 143 лицензиясы бар жеке эмгек агенттиги иш алып барууда.

Эң көп кыргызстандыктар иштегени Түркия, Улуу Британия, Болгария жана Германия мамлекеттерине жолдонгон. Министрлик иш издеп жаткан жарандарга расмий катталган жеке агенттиктерге кайрылууну сунуш кылууда. Бул алардын эмгек укуктарынын сакталышын жана коопсуздугун кепилдейт.