Бажы кызматкерлеринин билдирүүсүнө ылайык, бул алтын буюмдар авиакаттам менен Түркиядан келген жана "П." ЖЧКнын дарегине жөнөтүлгөн эл керектөөчү товарлардын арасынан табылган.
Жалпы салмагы 88,97 граммды түзгөн зер буюмдарды Кыргызстандын жараны жеке колдонуу үчүн Түркиядан ортомчу аркылуу сатып алып, жеткирүү үчүн карго кызматын колдонгон.
Бул аракеттер Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинде каралган кылмыштын белгилерин көрсөткөн. Текшерүү учурунда жаран мамлекетке келтирилген 408 276 сом зыянды өз ыктыяры менен эки эсе өлчөмдө төлөп берди.
Ушул себептен улам, бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон эмес.



