Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевга катуу сөгүнтү жасоо жөнүндө тескемеге кол койду. Чечим республиканын Конституциясынын 71-беренесинин жана КР Куралдуу Күчтөрүнүн тартиптик уставынын негизинде кабыл алынды.
КР Президентинин Администрациясынын расмий билдирүүсүнө ылайык, министр өзүнө жүктөлгөн милдеттерди талапкыл эмес аткаргандыгына байланыштуу жаза берилди.
Документтен
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тартиптик уставы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тартиптик уставынын 74-пунктунун «б»» кичи пунктуна ылайык















