Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Түп районуна берилген иш сапары кезинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Түп филиалынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Имараттын курулушу 2025-жылдын июнь айынан бери жүргүзүлгөн.
Жаңы имаратта кызматкерлердин иштөөгө ыңгайлуу шарттары түзүлгөн. Анда кызматкерлердин жумушчу кабинеттери, арыздарды кабыл алуу аймагы жана күтүү залы камтылган. Бул шарттар кызматкерлердин натыйжалуу иштешин жана жарандарды тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган.
«Ак-Кайың» эс алуу паркынын ачылышы
Андан кийин Министрлер Кабинетинин башчысы Түп айылындагы «Ак-Кайың» эс алуу паркынын ачылыш аземине катышты. Парктын курулушу 2026-жылы аяктаган. Парк Улуттук президенттин иштер башкармалыгы тарабынан курулуп, жалпысынан 3,5 гектар жерди ээлейт.
- Балдар площадкасы
- амфитеатр
- авто токтотуу аймагы
- ярмарка үйчичектери





























