Бул маанилүү чечимди Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Жаңы дайындоо 19-ноябрда ишке ашты. Буга чейин бул кызматты Союзбек Надырбеков ээлген.

Кадр чечими

Кызматтык алмашуу

Бошотулду

Союзбек Надырбеков

,

Дайындалды

Чыңгыз Эсенгүл уулу

мурда маданият, маалымат, спорт министрлигинин орун басары

Министрлер Кабинетинин төрагасынын чечими менен","date":"19-ноябрь"}},{

Эсенгүл уулунун ишмердүүлүгүнө караганда, ал мамлекеттик башкаруу жана медиа тармагында чоң тажрыйбага ээ. Ал Нарын облусунда төрөлгөн. Кыргыз улуттук университетин бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит багыты боюнча бүткөн. Ошондой эле сырткы иштер министрлигинин Дипломатия академиясында билим алган.

  • 2006-жылы «Теңир-Тоо» радиосунда корреспондент жана алып баруучу катары иштеген
  • КТРКде «Ала-Тоо» программасынын редактору жана алып баруучу болгон
  • Өкмөттүн пресс-кызматынын жетекчиси жана пресс-секретарь кызматтарын аткарган
  • 2021-2025-жылдары маданият, маалымат жана спорт министрлигинин орун басарлары болгон

Анын эмгек жолу радиобайланыштан башталып, мамлекеттик мекемелердин маалымат кызматтарында жана министрликтерде стратегиялык кызматтарды аткаруу менен уланган.