Мамлекеттик салык кызматы (МТК) ишсиз юридикалык жактарды мажбурлап жоюунун жана жеке ишкерлердин салык каттоосун жокко чыгаруунун үчүнчү этабын демилгеледи. Процедуранын башталышы тууралуу ведомствонун пресс-кызматы билдирди.
МТКнын расмий сайтында жарыяланган тизмеге ылайык, 66 043 салык төлөөчү кирди. Жоюу процедурасы тизме жарыяланган учурдан тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин салык органдары тарабынан башталшы мүмкүн.
Мажбурлап жабуудан белгиленген мөөнөт ичинде качуу мүмкүн. Бул үчүн салык төлөөчүлөр өз милдеттенмелерин аткарып, тиешелүү отчеттуулукту берүүсү зарыл. Ошондой эле, эгерде мыйзамдуу негиздер же талаштуу маселелер болсо, кредиторлор жана башка кызыкдар тараптар процедураны токтотуу жөнүндө арыз менен салык органдарына кайрылууга укуктуу.
МТК бул тизмеде болушу мүмкүн болгон диний уюмдарга, саясий партияларга жана коомдук бирикмелерге өзүнчө кайрылды. Өз бизнесинин статусун ведомствонун сайтындагы «Салык төлөөчүлөрдүн ачык реестрлери» бөлүмүнөн текшерсе болот.







