Бишкек — Ош трассасынын 128–130-километрлеринде, Тоо-Ашуу өткөөлүнүн районунда катуу борон катталды. КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, борону жолдун бул участогунда көрүнө турган аралыктын кескин начарлашына алып келди.

Учурда № 9 жол эксплуатациялоо ишканасынын кызматкерлери жолду тазалоо менен алектенип, штаттык режимде иштеп жатышат. Ведомствонун адистери аба ырайынын абалына үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүүдө.
Транспорт министрлиги бул участоктун аркылуу өтүп жатканда айдоочуларды максималдуу сактык менен жүрүүгө, ылдамдыкты азайтууга жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.










