Нарын районунда жол куруу жана инфраструктура өнүктүрүү иштеринин алкагында бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылууда.
Жан-Булак–Кара-Тоо автоунаа жолунда 2 чакырым аралыктан асфальт төшөлүп, пландалган бардык иштер бүтүп калды.
Ошондой эле Нарын–Оруктам трассасында 5,5 чакырым жолдо асфальт төшөө боюнча иштер жүрүүдө. Учурда Кеңеш менен Алыш айылдарынын арасында 9,5 кмден 15 кмге чейинки участокто асфальт төшөлүүдө.
Нарын районунун Дөбөлү айылында «Теңир-Тоо» өнүгүү фонду тарабынан финансыланган тротуарлар курулууда.
Аймактык жетекчилик жол куруу иштеринин сапатына жана убактысында бүтүшүнө өзгөчө көңүл бурууда, тиешелүү кызматтарга бекитилген графикке ылайык иш жүргүзүүнү тапшырды.

