Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды – Калинин жолунун 7-13 километр аралыкта асфальттоо жумуштары толук бүткөрүлдү. Жалпы асфальтталган жолдун узундугу 6 чакырымга жетти.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, Чар – Ак-Муз унаа жолунун 7,8 чакырымдык бөлүгү асфальттоого пландалган жана азырынча 5,1 чакырымы даярдалган.

Ал эми Таш-Рабат жолунда 5 чакырымга чейин асфальт тартуу пландалган. Учурда бул жерде жер иштери бүткөрүлүп, асфальт тартууга даярдык көрүлүүдө.

Министрликтин билдирүүсүндө, жол куруу жана оңдоо иштери техникалык талаптарга ылайык жүргүзүлүп, жол коопсуздугун жогорулатуу жана транспорттук байланыштын сапатын жакшыртуу максаттары көздөөлөрү белгиленди.

Ат-Башы районундагы калган жолдорду куруу жана ремонттоо иштери бекитилген планга ылайык улантылып, министрликтин көзөмөлүндө жүргүзүлүп жатат.