Нарын облусунун Ак-Талин районунда Нарын – Баетов унаасынын жолунун 84–115 чакырымынын курулушу уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы боюнча, жалпы 31 чакырымдык участоктун ичинен 25 чакырымында экинчи катмар асфальт төшөө иштери аяктап калды.
Жол куруу иштерин Биринчи жол куруу башкармалыгы аткарууда. Калган бөлүктөрдө асфальт төшөөгө даярдык жумуштары жүрүп жатат.






