Нарын шаарындагы Исхак Раззаков көчөсүндө 54 заманбап көчө чырагы орнотулуп, ишке киргизилди. Бул чырактар архитектуралык декоративдик элементтер менен жабдылган.
Шаар мэриясы билдиргендей, аталган долбоорду «Таза Нарын» муниципалдык ишканасы жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен ишке ашырды.
Жаңы жарык берүү мамылары заманбап стилде жасалып, архитектуралык дизайн элементтерин камтыйт. Алардын максаты — көчөнү жакшыраак жарыктандыруу менен бирге, анын эстетикалык көркүн жана караңгыда тургундардын, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатуу болуп саналат.
