Ноокат районунда, Т. Кулатова айыл аймагында минералдык жер семирткичтерди өндүрүүчү ири заводдун курулушу жүрүп жатат. Заводдун жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 500 миң тоннага жетет.

Долбоор үч этапта ишке ашырылууда. Азырынча биринчи баскыч бүткөрүлүп, заводдун административдик имаратынын ачылышы болду.

Министрликтин маалыматына ылайык, завод 2026-жылдын сентябрь айынан тартып иштеп баштайт жана толук өндүрүш режимине чыгат.

Долбоордун негизги көрсөткүчтөрү

500 миң тоннажылдык өндүрүштүк кубаттуулук
260 млн АКШ долларыжалпы инвестиция суммасы
3 миңжаңы түзүлө турган жумушчу орундар

Жаңы завод Ноокат районунун эле эмес, Ош областынын экономикасын өнүктүрүүгө чоң салым кошот. Өндүрүшкө чыгуу менен, айыл чарба тармагына жергиликтүү минералдык жер семирткичтери берилип, импортко көз карандуулук азаярын айтууда.