14-августта Чолпон-Атада Ысык-Көлдүн суучул транспортун туристтик маалда коопсуздугун камсыздоо боюнча кеңири кеңешме болуп өттү. Бул иш-чараны Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министрлигинин жол-транспорттук коопсуздук боюнча көзөмөлдөө башкармалыгы уюштурду.

Кеңешмеге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Ден соолукту сактоо министрлигинин жана жергиликтүү мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө суучул транспортту коопсуз пайдалануу, кемелерди ижарага берүү, аялдама жана токтоло турган жайлардын коопсуздугу, алдын ала эскертүүчү белгилерди орнотуу сыяктуу маселелер каралды. Ошондой эле жол кырсыктарын жана башка окуяларды алдын алуу чаралары талкууланды.