Бишкек шаарынын аймагында милиция жеке бассейндердин коопсуздугун камсыздоо максатында профилактикалык рейддерди баштады.
Кызматкерлер ээлерине сууда балдарды көзөмөлдөөнү унутпоо, ошондой эле коопсуздук эрежелерин сактоо керектигин эскертүүдө.
Мындай чаралар балдардын сууга чөгүшүн алдын алуу жана кырсыктардын саны азайтуу максатында ишке ашырылууда.


