Кыргызстандын Эл аралык Жогорку Медицина мектебинин экономика жана өнүктүрүү боюнча проректору Толонбек Абдыров ШКУнун медиа жана аналитикалык борборлорунун форумунун пленардык жыйынынын экинчи бөлүгүндө сөз сүйлөп, уюмдун өлкөлөрүнүн жасалма интеллект, илим жана билим берүү тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүүнү сунуштады.

Ал тарыхый Улуу Жибек Жолу өлкөлөрдү соода, билим жана маданият алмашуу аркылуу бириктиргендей эле, бүгүнкү күндө жасалма интеллект мамлекеттерди инновациялар, билим берүү жана илимий изилдөөлөр аркылуу байланыштырган жаңы санариптик Жибек Жолу боло аларын белгиледи.

Бүгүнкү күндө жасалма интеллект дүйнөлүк экономиканын негизги технологияларынын бирине айланууда. Ал билим берүү, медицина, транспорт, өнөр жай, каржы жана башка тармактарды өзгөртүп, ШКУ өлкөлөрүнүн кызматташтыгы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.
Толонбек Абдыров

Ал биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Жибек Жолу өлкөлөрүнүн жасалма интеллект университеттеринин жана изилдөө борборлорунун тармагын түзүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, проректор жасалма интеллект жаатындагы адистерди даярдоо үчүн заманбап билим берүү программаларын, илимий лабораторияларды жана платформаларды бириктире турган бирдиктүү санариптик билим берүү мейкиндигин түзүү демилгесин көтөрдү. Анын пикиринде, студенттер, окутуучулар жана изилдөөчүлөрдү алмашууну камтыган академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү да маанилүү багыт болушу керек.