Жасалма интеллекттин тез өнүгүшү жана жаңы глобалдык чакырыктардын пайда болушу шартында, болуп өткөн окуяларды талдоо гана эмес, келечектеги процесстерди болжолдоо мүмкүнчүлүгү да өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине ТАССтын башкы директорунун орун басары Марат Абулхатин билдирди.
Эскерте кетсек, учурда Бишкекте биринчи жолу ШКУга мүчө мамлекеттердин ЖМК жана аналитикалык борборлорунун форуму өтүп жатат. Аны Кыргыз улуттук маалымат агенттиги «Кабар» жана Кытайдын «Синьхуа» маалымат агенттиги уюштурууда.
Иш-чарага 26 өлкөдөн 250гө жакын өкүл, анын ичинде алдыңкы маалымат агенттиктеринин жетекчилери, ЖМК, аналитикалык борборлор, илимий институттар, мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Форумдун темасы жана талкуулар
Форумдун негизги темасы – «Жаңы доордогу ШКУ: өз ара түшүнүүдөн практикалык кызматташтыкка». Пленардык отурумдардын жана тематикалык сессиялардын алкагында катышуучулар эл аралык маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүү, медиа чөйрөнү санариптик трансформациялоо, гуманитардык кызматташтык жана глобалдык маалымат мейкиндигинин заманбап чакырыктарын талкуулап жатышат.
Эксперттин айтымында, мындай форматтагы жолугушуулар тажрыйба алмашууга жана актуалдуу маселелерди чечүүгө биргелешкен ыкмаларды иштеп чыгууга шарт түзгөндүктөн, маанилүү ролду ойнойт.
Абулхатиндин белгилешинче, бүгүнкү күндө жөн эле болуп өткөн окуяларды анализдөө эмес, окуяларды, фактыларды жана көрүнүштөрдү алдын ала болжолдоо өтө маанилүү.



