Кыргыз Республикасынын Омбудсмени Джамиля Джаманбаева Кызыл-Жардагы республикалык психиатрия оорукканасында жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжасында психиатриялык жардам көрсөтүү тутумун реформалоону сунуштады.
Аталган оорукана 305 орунга ылайыкталган, учурда анда 273 бейтап дарыланып жатат. Алардын 100ү соттун чечими менен милдеттүү дарыланууда.
Мониторинг учурунда бейтаптардын дарылоо мөөнөттөрүн негизсиз узартуу көрүнүшү аныкталды: 57 адам дарылануу курсун аяктагандан кийин дагы ооруканада жатат, алардын 39у үч айдан ашык, 18и беш жылга чейин же андан узак убакыт бою калууда.
Жергиликтүү өлчөмдө психоневрологиялык интернаттардын жоктугу менен байланыштуу, дарыланган бейтаптар үчүн коомдук тейлөөчү мекеме катары оорукана кызмат аткарып жатат. Көпчүлүгү үйлөрү жок же үй-бүлөлөрү менен байланышы үзүлгөн бейтаптар социальдык камкордукка муктаж.
Бул көйгөй койко-орундардын жетишсиздигине алып келип, жаңы келип жаткан бейтаптарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн чектейт.











