Кемин шаарында коомдук жайлар — соода түйүндөрү жана банктар үчүн жаңы дизайн-коддун эскиз долбоорлору жасалууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Туруктуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарбасы министрлиги билдирүү таратты.

Дизайн-коддун негизги максаты – фасаддардагы түс палитрасын бирдей кылуу, архитектуралык чечимдерди тууралоо жана имараттардын сырткы жарнактарын уюштуруунун стандарттарын түзүү.

Ошентип, шаар чөйрөсүндөгү ар түрдүүлүк азайып, тең салмактуу жана көз тартып турган архитектуралык бирдиктүү көрк пайда болот. Муну менен Кемин шаары замандын талабына ылайык кооздуктун жана ыңгайлуулуктун деңгээлин жогорулатмакчы.