Ош шаарындагы студенттик жашоожай куруучу жайдын топурагынын сапаты текшерүү жүргүзүлдү. Министрликтин маалыматы боюнча, Исанов көчөсү, 79 дарегиндеги курулуш жайында топурактын тыгыздыгы өлчөнүп, лабораториялык сыноолор үчүн үлгүлөр алынды.
Бул сыноолор аркылуу топурактын физикалык-механикалык мүнөздөмөлөрү аныкталып, анын тыгызыкталган сапаты нормативдик талаптардын негизинде бааланат.
Маанилүүлүгү
Алынган маалыматтар келечектеги имараттын ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун камсыздоого жардам берет. Мурун эле объектиде инженердик изилдөөлөр өткөрүлүп, курулуш иштеринин сапатын ар бир этапта көзөмөлдөө жүргүзүлөт.
Ушул жерде белгилей кетүүчү нерсе, республика боюнча студенттик жашоожайларды куруу Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жүрүп жатат.















