Ош шаарында альтернативдик көчөлөрдү куруу жана оңдоо иштеринин алкагында Абдувалиев көчөсүнүн даярдалган тилкесине асфальт төшөө башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.
Буга чейин бул көчөдө мыйзамсыз курулуштар бузулуп, жол толугу менен тазаланган болчу. Адистер ошондой эле жолдун негизин тегиздөө жана даярдоо иштерин жүргүзүшкөн.
Учурда асфальт төшөө уланууда. Иштер сапаттуу жана бышык жол катмарын камсыздоо үчүн белгиленген талаптарга ылайык аткарылууда.


