Ош шаарында Аношина көчөсүн капиталдык оңдоо иштери активдүү жүрүп жатат. Мэриянын маалыматына караганда, оңдолуп жаткан көчөнүн узундугу Т. Турсунбаева көчөсүнө чейинки бөлүк — 550 метрди түзөт.

Учурда көпүрө жана жолдун биринчи катмарында асфальт толук төшөлдү. Андан тышкары, жөө жүргүнчүлөр үчүн жаңы тротуарлар курулуп, жолдун боюндагы бордюрдор орнотулууда.

Иш-жараян бүткөндөн кийин, Аношина көчөсү заманбап жана ыңгайлуу түргө ээ болуп, жөө жүрүүчүлөр менен унаа кыймылы үчүн шарттарды жакшыртат.