Ош мамлекеттик университетинин Enactus командасы 2026-жылы Бразилияда өтүүчү Enactus World Cup дүйнө чемпионатында Кыргызстандын атынан катышат. Бул тууралуу Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Кыргызстандын 30дан ашык жогорку окуу жайлары катышкан улуттук Enactus сынагында ОшМУ командасы UpBulak социалдык-ишкердик долбоору менен жеңүүчү болду. Бул долбоор коомдогу социалдык көйгөйлөрдү инновациялык жана ишкердүүлүк ыкмалары аркылуу чечүүгө багытталган.
23-июлда облустук бийликтин атынан президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев команданы кабыл алып, аларга эл аралык сынакта ийгилик жана колдоону убада кылды.
ОшМУ жетекчилиги жана студенттери дүйнөлүк чемпионатка катышуу кыргыз жаштарынын потенциалын жана өлкөдөгү социалдык долбоорлорду эл аралык деңгээлде көрсөтүү мүмкүнчүлүгү болорун белгиледи.
Enactus - студенттерди бириктирген эл аралык программа болуп, алар коомго пайдалуу социалдык долбоорлорду иштеп чыгышат жана жүзөгө ашырат.




