Ош шаарында өткөн жылы 23-июнда Алишер Навоий паркында аз жаштагы кызга карата жасалган ашыкча зомбулук жана караан кылуу фактысы катталган.
Ыкчам маалыматтарга караганда, шектүүлөрдүн бири жабырлануучу кызга коркутуп-үркүткөндөн кийин анын iPhone X моделиндеги мобилдик телефонун ачык уурдап, окуя болгон жерден качкан.
Бул факт боюнча кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Уурдоо" беренеси менен козголгон эле.
Баштапкы тергөөнүн жүрүшүндө тараптардын сүйлөшүүлөрү менен кылмыш иши токтотулган.
Бирок кийинчерээк иш кайрадан каралып, тергөөнүн кошумча аракеттери жүргүзүлүп, окуяга башка адамдардын да катышканы, алардын зомбулук көрсөткөнү такталган.
Мунун негизинде мурунку токтом жокко чыгарылып, кылмыш иши кайра тергелген.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен У. У., О. кызы Ч. жана М. Д. аттуу үч адам кармалып, аларга айыптар коюлуп, иш сотко өткөрүлдү.
Ошондой эле дагы үч адам шек саналууда, алардын да аракеттери азыр тергелүүдө.




