Кыргызстандын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 11-августта Бишкекте президенттин тапшырмасы менен курулуп жаткан 20 мектептин абалы боюнча жыйын өткөрдү.

Бул жыйында подрядчылык уюмдардын жана тиешелүү министрлик бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты. Алар ар бир объект боюнча жасалган иштердин көлөмүн, курулуш ылдамдыгын жана кийинки пландалып жаткан иш чараларды талкуулады.

Министр Орунтаев күн сайын курулуштун абалы тууралуу так маалыматтарды берүү, ошондой эле аткарылып жаткан иштер боюнча сүрөт жана видео отчетторду убагында жиберүү зарылдыгына басым жасады.

"Убакытты текке кетирүүгө болбойт. Ар бир подрядчы өзүнүн милдетин жоопкерчилик менен аткарып, мөөнөттөрдү сактап, сапатты камсыздоосу шарт," - деди министр.
Нурдан Орунтаев, курулуш министри

Жыл башында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкек, Ош жана Манас шаарларында бардыгы 36 мектеп курулаары жарыяланган. Бишкекте 20 мектептин курулушу 2026-жылдын февраль-март айларында башталган.