Бишкек шаарында Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун тарыхында биринчи жолу өзүнчө көп функциялуу комплекси курулууда. Бул имаратда борбордук аппарат, борбор шаардагы бардык аймактык бөлүмдөр, каттоо кызматтары, ошондой эле теориялык жана практикалык экзамендерди өткөрүү үчүн атайын аянтчалар жайгашат.
Президенттин иш башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, комплекстин аянтында заманбап технологиялар менен жабдылган ири автодром да курулууда. Мындан тышкары, Бишкекте дагы эки заманбап автодромдун курулушу жүрүп жатат. Буга чейин Ош шаарында жаңы автодром ишке кирген экени белгилүү.
Техникалык базаны жаңылоо
Борбордун материалдык-техникалык базасы дагы жаңыланууда. Ноябрь айында практикалык экзамендерди өткөрүү үчүн аймактардын эсебине жаңы унаалар берилди.
Берилген унаалардын саны












