Борбор калаа Бишкектин Биринчи май райондук сотуна коррупцияга шек саналган мурдагы Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (ГКНБ) кызматкери К.У.К. боюнча кылмыш иши берилди. Ал коомчулукта «Вазелин» деген каймана аты менен белгилүү.
Соттук отурумдун биринчи күнү 17-августка белгиленип, азырынча К.У.К. СИЗО-1 абагында кармалып турат. Мурдагы кызматкер милицияда эмгектенип келген.
К.У.К. «40 чоро» деп аталган мурдагы УГКНБнын Бишкек башчысы Эльдар Жакыпбековдун курчоосундагы адамдардын тизмесинде орун алган. Тизмеде анын түстөштөрү Пито жана Лизун менен бирге «Эдунун кырк чоросу» деген топко байланышы бар деп эсептелет.








