Россияда административдик жоопкерчилик ченемдерине киргизилген өзгөртүүлөр чет элдик мигранттар үчүн жаңы талаптарды белгилейт. Бул чаралар чет элдик жарандарды өлкөдөн чыгарууга негиз болуп бере алат.
Эркин Каримов Биринчи радиодогу түз эфирде бул маселе боюнча маалымат берди. Анын айтымында, 2026-жылдын 3-ноябрынан тарта Россиянын Административдик укук бузуулар кодексине тиешелүү өзгөртүүлөр күчүнө кирди.
Майда хулигандык, мыйзамсыз митингдерге катышуу, Россиянын Куралдуу күчтөрүн дискредитациялоо сыяктуу укук бузуулар чет элдик жарандарды өлкөдөн чыгарууга негиз болушу мүмкүн.
- 2026-жыл, 4-август
Административдик укук бузуулар кодексине түзөтүүлөр кабыл алынды
- 2026-жыл, 3-ноябрь
Өзгөртүүлөр расмий түрдө күчүнө кирди









