Чүй районунда Чүй айылындагы райондук администрациянын имараты жайгашкан аймакты көрктендирүү боюнча эскиздик долбоор даярдалды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, долбоор Ибраимов көчөсүндөгү участокты камтыйт.

Документти шаар куруу жана архитектура департаментинин курамындагы Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы иштеп чыккан. Демилгенин негизги максаты — коомдук мейкиндикти тартипке келтирүү жана чектеш аймакты заманбап стандарттарга шайкеш келтирүү.

Долбоордук чечимдерге ылайык, планды ишке ашыруу аймактын архитектуралык-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртууга жана ведомствонун кызматкерлери үчүн да, жергиликтүү тургундар үчүн да ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.