Сокулук районундагы рейд «Нелегал» иш-чарасы алкагында райондук ички иштер бөлүмү, УКМК кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү биргелешип текшерүү өткөрүштү.
Аталган чарада «Сары-Өзөн Сити», «Көчмөн Сити» сыяктуу турак жай комплекстери жана райондук башка объектилердеги чет өлкөлүк эмгек мигранттары менен жолуккан.
Чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын мыйзамындагы болуу жана эмгек кылуу эрежелери түшүндүрүлүп, коомдук тартипти сактоо жана курулуш объектилеринде коопсуздук талаптарын аткаруу зарылдыгы белгиленди.
Райондук ички иштер башкармалыгы мыйзам бузгандарга карата мыйзам чегинде чара көрүлөрүн, айрым учурларда алар өлкөдөн чыгарылып жиберилиши мүмкүн экенин эскертти.
Ошондой эле, курулуш объектилеринин жетекчилери жана жооптуу адамына оор техниканын жүргөн жолдорун үзгүлтүксүз нымдоо боюнча эскертүү берилди. Бул жолдордогу чаңдын көлөмүн азайтып, жергиликтүү калктарга ыңгайсыздыкты жоюу максатында жасалды.













