1-августта Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Мохаммед бин Заед Аль Нахайян дипломатиялык байланыштардын 30 жылдык мааракесине байланыштуу саламдашуу каттарын алмашты.

Бул 30 жыл ичинде Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы мамилелер тынымсыз өнүгүп, өз ара сыйлоо, ишеним жана эки тараптуу пайдалуу кызматташтык принциптерине негизделди.

Анда саясий диалогдун позитивдүү динамикасы, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук, санариптик, туристтик жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыктын кеңейиши белгиленди.

Кыргызстандын жетекчилиги БАЭ менен болгон кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө туруктуулугун тастыктады, алардын Кыргызстан үчүн Перс булуңу аймагындагы ишенимдүү өнөктөштөрдүн бири экенин баса белгиледи.

Ал эми БАЭ тарабынан эки өлкөнүн достук мамилелерин бекемдөөгө жана өз ара пайдалуу кызматташууну кеңейтүүгө даярдык билдирилди.

Бул дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы кыргыз-эмират кызматташтыгынын тарыхында маанилүү учур болуп, мындан ары өнүктүрүү үчүн жаңы дем күч болуп берерин келишти.