Бишкек шаарында көчмөндөрдүн VI дүйнөлүк оюндарынын жана ШОС саммити ачылышынын түз эфирин көрүүгө арналган фан-зоналар уюштурулуп жатат. Башкы фан-зона Ала-Тоо аянтында жайгашса, кошумча фан-зоналар шаардагы төрт райондо иштейт.
Фан-зоналар жайгашканы:
- Октябрь району: Тунгуч-1 сквери микрорайону Тунгучта, Ынтымак-2 паркындагы амфитеатр, Д.Асанов паркы
- Ленин району: Фучик атындагы парк, Ак-Орго жашыл аймагындагы Ашар паркы, Джал микрорайонуна караган Муун сквери
- Биринчи май району: Ч. Тулебердиев атындагы парк (Кокчетав жана Тулебердиев көчөлөрүнүн кесилиши), Токтоналиев көчөсү 62 дарегинде жайгашкан спорт комплекс, Ак Босого жашыл аймагындагы чөп аянт (Чүй проспектиси, 52)
- Свердлов районунда: Усенбаев көчөсү 200/1деги Алга спорт комплекси, Восток-5 микрорайонундагы №66 орто мектеп, Энесай 1-1 көчөсүндөгү №21 орто мектеп
Ар бир фан-зонада чоң LED-экраандар орнотулуп, ал жерде көчмөндөр оюндарынын жана ШОС саммити ачылышы түз көрсөтүлөт. Ошондой эле иш-чаралардын башталышынан мурун жергиликтүү артисттер жана чыгармачыл топтор катышкан концерттер уюштурулат.






