Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги «Бучук» кенинде иштеген тоо-кен ишканасынын өндүрүштүк калдыктары жайыт жерлерин булгагандыгын расмий түрдө тастыктады. Бул тууралуу маалымат жергиликтүү тургундардан келип түшкөн.
Министрликтин Нарын облустук башкармалыгы окуя болгон жерге ыкчам текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө өндүрүштүк аянтчадан тышкары жайыт жерлерине калдыктардын шамал аркылуу жайылганы аныкталган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, өндүрүштүк калдыктар дароо тазаланды. Компанияга экологиялык мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик айып салынды.
Мындан тышкары, компаниянын өкүлдөрү менен экинчи жолу мыйзам бузууга жол бербөө жана өндүрүштүк ишмердүүлүктү жүргүзүүдө экологиялык нормаларды так сактоо зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.




