Бүгүн, 27-ноябрда, Президенттик шайлоого талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ Сыймык Асылбекович Жапыкеевдин колдонуучуларын көрсөткөн кол тамгалардын аныктыгын текшерди. Текшерүү учурунда талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайкүл Айдаралиева катышты.
Кол тамгаларды чогултуу «Кол тамгаларды чогултуу» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу ишке ашырылган. Маалыматтардын жана кол тамгалардын аныктыгын текшерүү аталган системадагы маалыматтарды салыштыруу жолу менен жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн натыйжасында талапкерге кол тамгалуу барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө тиешелүү маалымкат берилди.























