Кыргызстанда атаандаштыкка барабар шарттар жана колдоо чаралары жергиликтүү жана чет элдик ишкерлер үчүн бирдей түзүлгөн. Бул тууралуу «Инвестициялык вектор: мамлекет жана бизнес — ачык диалог» форумунун алкагында Артём Новиков айтты.
РКФР башкаруучусунун белгилөөсүнчө, чет элдик инвестициялардын көлөмү олуттуу деңгээлде. Анын айтымында, чет элдик капитал катышкан, анын ичинде Россия менен биргелешкен долбоорлордун саны өсүү динамикасын көрсөтүүдө.
Долбоорлордун саны жана ишке ашырылган ишкердиктердин көлөмүн бир нече эсе көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Инвесторлорго колдоо көрсөтүүдө алардын кайсы өлкөдөн келгенине карабастан, бирдей мүмкүнчүлүктөр берилет. Ишкерлер үчүн жеткиликтүү куралдардын катарына субсидияланган каржылоо жана кредиттик ресурстар кирет.
10 млн доллар инвестиция
Инвестициялык келишимдерди түзүү үчүн долбоорлорго салынуучу минималдуу сумма.
Ошондой эле, долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 10 миллион доллардан ашык инвестиция салынган учурда, атайын инвестициялык келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгү бар экени белгиленди.
Документтен
Өлкөдө ишкердикти жүргүзүү үчүн бирдей шарттар түзүлгөн, ошондой эле жергиликтүү жана чет элдик бизнес үчүн коргоо жана коопсуздук механизми камсыз кылынууда.











