«Тамчы» атайын каржы-инвестициялык аймагы («Тамчы» АФИ) эл аралык форумда Азиянын каржы борборлорун бириктирүүгө багытталган NextFinance демилгесин тааныштырды. Гонконгдо өткөн иш-чара каржы технологиялары чөйрөсүндөгү дүйнөнүн ири форумдарынын бири болуп саналат (Hong Kong FinTech Week 2026).

Тажрыйба алмашуу жана инвестиция тартуу

Экономика жана коммерция министрлиги берген маалыматка ылайык, демилгенин максаты — Азиянын каржы борборлорунун ортосунда тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу. Аяз Баетовдун айтымында, мындай борборлордун күч-аракеттерин бириктирүү технологиялык өзгөрүүлөргө натыйжалуураак ыңгайлашууга, санарип чечимдерди киргизүүгө жана инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Гонконгдук өкүлдөр менен диалог

Форумдун жүрүшүндө Аяз Баетов Гонконг өкмөтүнүн каржы кызматтары жана казыначылык боюнча катчысынын орун басары Жозеф Чан менен жолугушту. Жолугушуу каржы чөйрөсүндөгү кызматташтыктын келечегин талкуулоого, ошондой эле каржы институттарынын ортосундагы байланыштарды чыңдоого жана жөнгө салуу менен финтех жаатындагы тажрыйба алмашууга арналды.

Жозеф Чан «Тамчы» АФИнин өкүлдөрүн 2027-жылдын 26-27-январында Гонконгдо өтө турган Asian Financial Forumго катышууга чакырды.
Булактардын маалыматы боюнча

Гонконг тарап Кыргызстан менен санарип инновациялар жана каржы кызматтары чөйрөсүндө өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.