28-июлда Чүй облусунун борбору Токмок шаарында жаңы мобилдүү милициялык пункттын расмий ачылышы болду. Ага Чүй облусунун ИИМ башчысы, ОБСЕ өкүлдөрү, Токмок шаардык администрациясы жана коноктор катышты.
Азыркы күндө Чүй облусунун дээрлик бардык райондорунда мобилдүү милициялык пункттар бар. Токмокто ачылган жаңы пункт да аймактын тургундарына жана туристтерге укуктук кенеш берүү жана жардам көрсөтүү үчүн кызмат кылат.
Мобилдүү пунктка кайрылган ар бир адамдын маселеси мыйзам талаптарына ылайык тез арада каралып, зарыл чаралар көрүлөт.
Шамшибек Мамыров мобилдүү милициялык пункттардын ролун белгилеп, алардын калкты маалымат менен камсыздоо жана укуктук суроолор боюнча жардам берүү боюнча маанилүү экенин белгиледи.









