Кыргызстандын Ички иштер министри Улан Ниязбеков 31-июлда Иссык-Күлдө өтө турган «UIM F1H2O Гран-при Кыргызстан» эл аралык суунун мотор спортунун мелдешине даярдыкты текшерип чыкты.

Текшерүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча кызматтардын даярдыгы, жол кыймылын башкаруу жана бөлүмдөр ортосундагы өз ара байланыштар бааланды.

Министрдин тапшырмасы боюнча спортчуларды, конокторду жана аймактын тургундарын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулуп, зарыл чараларды ишке ашыруу талап кылынды.

Текшерүүгө ошондой эле Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов катышты.

МВДнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ишемби күнү эртең менен кызматкерлер менен атайын нускамалар жарыяланып, коомдук тартипти сактоо жана жол кыймылын көзөмөлдөө милдеттери белгиленди.