Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 42-43-чакырымында, Ивановка айылына кире бериште жол кырсыгы кечээ, 25-июлда катталган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу үч дөңгөлөктүү скутерде бараткан жигит менен кагылышуудан качууга аракет кылган. Мындан улам айдоочу рулду кескин буруп, унааны башкара албай калган. Жүк жүктөлгөн унаа капталына оодарылып кеткен.
Жол кырсыгынын натыйжасында эч ким жабыркаган жок. Скутер менен кагылышуу да болгон эмес. Кырсыкка кабылган жүк ташуучу унаа айып унаа токтотуучу жайга жеткирилди.



