Ведомствонун маалыматына ылайык, комплекс 6,5 гектар жалпы аянтты ээлейт. Анын курамына тогуз заманбап объект киргизилип, башкы имараттын аянты 17 миң чарчы метрден ашат.
Долбоорлоодо майыптыгы бар балдар үчүн тоскоолдуксуз чөйрөнү түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Архитектуралык чечимдер алардын комплексте эркин жана ыңгайлуу жүрүүсүн камсыз кылат. Мындан тышкары, комплексте 360 градустук интерактивдүү проекцияларды, санариптик искусствону жана тематикалык мультимедиалык мейкиндиктерди камтыган заманбап санариптик технологиялар колдонулат.
Министрлик комплекстин башкы планы жогору жактан караганда улуттук «Манас» орнаментинин элементин кайталай турганын белгиледи. Бул өзгөчөлүк долбоорго улуттук колорит берет.
Долбоорду ишке ашыруу жаңы жумуш орундарын түзүүгө, туризмди өнүктүрүүгө жана аймактын тургундары үчүн да, облустун өнүгүүсү үчүн да маанилүү объект болууга өбөлгө түзөт деп билдирилди. Бул шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана балдардын эс алуусун уюштуруу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Долбоордун ишке киргизүү мөөнөтү 2026-жылдын августуна пландаштырылган. Комплекс Курулуш министрлиги тарабынан мамлекеттик бюджеттин каражаты менен курулуп жатат.




