Кыргызстандын Юстиция министрлиги маалымат каражаттарынын жаңы реестрин түзүүнү толук бүткөнүн билдирди. Учурда ачык базада 2959 басылма жөнүндө маалыматтар жайгаштырылган. Бул реестр бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү жана документтерди тапшыруудан мурун белгилүү бир БАМдын аталышы катталгандыгын текшерүүгө мүмкүндүк берет.
Министрлик маалымат каражаттарын мамлекеттик каттоо тартибин да жаңылаган. Эми каттоо жөнүндө күбөлүк электрондук форматта берилет жана аны Юстиция министрлигинин сайтынан жүктөп алууга болот.
Жаңы эрежелер боюнча, БАМды кайра каттоо негизинен уюштуруучу же аталышы өзгөргөндө гана талап кылынат. Башка маалыматтар өзгөргөн учурда, Юстиция министрлигине 30 календардык күндүн ичинде билдирүү зарыл.
Ошондой эле кызмат көрсөтүү мөөнөттөрү кыскартылды. Маалыматтарды реестрге киргизүү мурунку 7 жумушчу күндөн 3 жумушчу күнгө чейин кыскарды. Реестрден көчүрмө алуу 7 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.











