Кыргызстандын жаранына Түркияда пенсия дайындалганы белгилүү болду. Бул эки мамлекеттин ортосундагы социалдык камсыздоо боюнча макулдашуунун алкагында ишке ашты.

Социалдык фонддун маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы келишим 2020-жылдын 1-ноябрында күчүнө кирген. Ал жарандардын эмгек стажын социалдык төлөмдөрдү дайындоодо эске алууну камсыздайт.

Ушул күнгө чейин аталган келишимди ишке ашыруунун алкагында түрк тараптан Кыргызстандын жарандарынын эмгек стажын тастыктоо боюнча 418 суроо-талап келип түшкөн. Бардык кайрылуулар каралып, аларга тийиштүү жооптор берилген.