Хантер Байден, АКШнын мурдагы президенти Жо Байдендин уулу, атасынын ден соолугунун абалы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, онкологиялык оору күчөп, рак сөөктөргө метастаз берип кеткен.
Жакында берген маегинде Хантер атасынын абалын көрүү өтө оор экенин мойнуна алган.
Хантер атасы ден соолугу тууралуу көбүрөөк айтып, көйгөйлөрүн жашырбоосун кааларын билдирген. Ал Жо Байденди "үй-бүлөнүн борбору" деп атап, анын туруктуулугун белгилеген.
Мындан тышкары, Хантер 2024-жылдын июнь айындагы президенттик дебаттарды эстеген. Ал дебаттардан кийин Жо Байдендин шайлоо кампаниясын улантуу жөндөмдүүлүгүнө байланыштуу шектенүүлөр күчөгөнүн айтты.
Хантер Калифорниядагы үйүнөн дебаттарды көрүп жатканда эле атасында бир нерсе туура эмес экенин байкаганын билдирди.











