Алдыдагы ШКУ саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда медициналык жардам көрсөтүү үчүн мобилдик госпиталь жана 600дөн ашуун медициналык кызматкер тартылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Министрлик Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитети менен биргеликте алдыдагы эл аралык иш-чаралардын катышуучуларына жана конокторуна медициналык камсыздоону уюштуруу, ошондой эле тартыла турган бардык медициналык кызматтарды координациялоо маселелерин талкуулаган.

Медициналык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн медициналык пункттарды, мобилдик медициналык бөлүмдөрдү жана мобилдик госпиталды жайгаштыруу, ошондой эле тез жардам бригадаларын күчөтүү пландаштырылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) иш-чараларды медициналык жактан камсыздоо үчүн мобилдик госпиталды өткөрүп берет. Ал зарыл болгон медициналык жардамды көрсөтүү жана өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда ыкчам чара көрүү үчүн колдонулат.

Тартыла турган 600дөн ашуун медициналык кызматкерлердин курамына алгачкы медициналык-санитардык жардам адистери, дарыгерлер, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин кызматкерлери, ошондой эле тез жардам бригадалары кирет.

Саламаттыкты сактоо министрлигинде медициналык кызматтардын күнү-түнү координацияланышын камсыз кылган ыкчам штаб иштеп жатат. Медициналык бригадалардын, дары-дармектердин, медициналык жабдуулардын жана жеке коргонуу каражаттарынын резерви түзүлгөн.

Медициналык уюмдардын жабыркагандардын массалык түрдө түшүүсүндө, инфекциялык жана инфекциялык эмес коркунучтарда, ууланууларда, жаракаттарда жана башка өзгөчө кырдаалдарда чукул жардам көрсөтүүгө даярдыгына өзгөчө көңүл бурулууда. Санитардык иш-чаралар да жүргүзүлүүдө.