Бүгүн, 24-июлда, саат болжол менен 09:30 чамасында Бишкек шаарындагы Эркиндик бульвары менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы орун алды. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор Kaktus.media басылмасына билдиришти.

Маалыматка ылайык, Lexus үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчү өтүүчү жерден өтүп бара жаткан жаш жигитти сүзүп кеткен. Кырсык болгон жерге дароо тез жардам кызматы келип, жабыркаган адамга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү.

Тез жардам станциясынан билдиришкендей, жабырлануучу Клиникалык тез жардам ооруканасына жеткирилген. Анын колунан жаракат алганы аныкталган. Окуя болгон жерде жол кырсыгына катышкан унаа дагы калган.