Ысык-Көл облусунда жаратылыштын кооздугу менен айкалышкан жаңы туристтик борбор ачылуу алдында турат. «Ала-Тоо Резорт» тоолуу кластеринин алгачкы кадамы болгон «Жыргалан Резорт» курорту 1-декабрда расмий түрдө ишке киришет.
Курорттун даярдыгы жана анын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу «Кабар» агенттигине «Ала-Тоо Резорт» ААК башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси Аскат Чолпонбаев маалымат берди. Анын айтымында, учурда ачылыш аземине даярдык көрүү, конокторду тосуп алуу, коопсуздукту камсыздоо жана сапаттуу сервис көрсөтүү боюнча иштер жүрүп жатат.
Инфраструктура жана спорт мүмкүнчүлүктөрү
Курорттун биринчи этабында спортчулардын деңгээлине жараша төрт категориядагы лыжа трассалары түзүлгөн. Алар жаңы келгендер, орто деңгээлдеги лыжачылар жана тажрыйбалуу спортчулар үчүн ыңгайлаштырылган.
Курорттун негизги көрсөткүчтөрү
Мындан тышкары, туристтерди тейлөө үчүн жабдыктарды ижарага берүү жана сатуу пункттары, ски-пасс сатуу чекиттери, этношаарча, автоунаалар үчүн атайын аянтчалар курулуп жатат. Ошондой эле электр менен камсыздоо, таза суу жана таштандыларды тазалоо системалары сыяктуу инженердик инфраструктура түзүлүүдө.














