Материалдар: 5
Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев мамлекет башчысы Садыр Жапаровго отчет берип, шаардын өнүгүшүнүн негизги көрсөткүчтөрүн баяндады. Анын маалыматы боюнча, 2021-2026-жылдар аралыгында шаарда 148 жаңы ишкана ачылып, 686 жумуш орундары түзүлгөн. Ошондой эле, бул мезгилде 16 объект курулуп, жалпы наркы 2 миллиарддон ашык сомга жеткен.
Баткен шаарынын Чет-Булак территориалык башкармалыгында кургап калган дарыянын агымынын үстүнөн 18 метр узундукта жаңы көпүрө куруу иштери жүрүп жатат. Баткендин мэри Сейтек Кулубаев курулуш иштеринин жүрүшүн текшерүү менен, бул объект аймак тургундарынын кыймылын жана транспорттук байланышты жакшыртарын белгиледи.
Баткен шаарында муниципиалдык автобазага жаңы атайын техника тапшырылып, шаарды тейлөө жана жолдорду оңдоо иштерин жакшыртуу максатында пайдаланыла баштады. Бул жаңы техника Баткен облусунун Өнүктүрүү фондунун каражаттары менен сатып алынды.
Баткен шаарынын Кызыл-Жол районунда 375 окуучу үчүн жаңы мектептин курулушуна расмий түрдө башталды. Иш-чарага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, коомчулук жана шаар тургундары катышты. Мектеп шаардагы билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө чоң салым кошот.
Баткен шаардык мэри Сейтек Кулубаев И. Раззакова көчөсүндөгү санитардык абал жана инфраструктурадагы кемтиктерди тез арада оңдоо боюнча профильдүү кызматтарга тапшырма берди. Бул чечим борбордук көчөдөгү абалды жакшыртуу максатында чыгарылды.