Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Венгриянын жаңы президенти Андраш Бакага шайланышы менен куттуктоо жиберди.
Куттуктоодо мамлекет башчысы Кыргызстан менен Венгриянын достук жана стратегиялык байланышы өзгөчө белгиленди. Ал эки элдин ортосундагы урматтоо, ишеним жана тарыхый- маданий жакындыктын негизинде курулган мамилелердин туруктуу өнүгүп жатканын белгиледи.
Жапаровдун айтымында, соңку жылдары эки тараптын кызматташуусу олуттуу түрдө тереңдеп, көп тараптуу өнөктөштүк деңгээлине жеткен.
Кыргызстандын президенти мындан ары дагы эки мамлекеттин ортосундагы достук жана өз ара түшүнүү баалуулуктары мамилелерди кеңейтип, жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга түрткү болооруна ишенич билдирди.
Андраш Бакка саламаттык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгилик каалап, Венгрия элине тынччылык жана гүлдөп-өнүгүү тилегин билдирди.







